28-майдан тарта Алматы — Ош багыты боюнча жаны каттам ачылат
3 апрель

28-майдан тарта Алматы — Ош багыты боюнча жаны каттам ачылат

2025-жылдын 28-май айынан баштап Ош-Алматы багыты боюнча жаны авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы кабарлайт.

Каттамдар Air Astana авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.

Жүргүнчүлөр ыңгайлуу шарттарды, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жана негизги эл аралык хабтарга - Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг жана башка көптөгөн багыттарга ыңгайлуу уча алышат.

Билеттер учурда сатылууда.