Президент Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитинин алдындагы иш-чарага катышты
1 сентябрь

Президент Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитинин алдындагы иш-чарага катышты

Президент Садыр Жапаров 31-августта Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарындагы "Мэйцзянь" көргөзмө жана конференция борборуна келди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысын КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин жана Биринчи айымы Пэн Лиюань тосуп алышты.

Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.