Оштогу “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору толук оңдолду
1 сентябрь

Оштогу “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору толук оңдолду

Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору жаңыдан толук оңдолду. 

Мэриядан кабарлашкандай, борбордун ички бөлмөлөрүнүн дубалдары тегизделип, шыбалып, жаңы пол төшөлүп, жылуулук системасы жаңыланып, түтүктөр алмашылып, ички тепкичтери жаңыланып, эшик терезелери алмаштырылган.

Аны менен бирге имараттын сырткы көрүнүш да жакшырып, коопсуздук үчүн жаңы тосмолор орнотулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргөн.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев шаар кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана шаар тургундарынын катышуусунда жаңыланган чыгармачылык бор менен таанышып, балдар тарабынан даярдалган чакан майрамдык концертке күбө болушту.

Калаа башчысы жакынкы убакыттарда борборго балдар үчүн кичи автобус белеке берерин убадалады.

Белгилей кетсек балдар борборуна жалпысынан 3 миңге жакын бала келип ар кандай ийримдерге катышып, билимин, чыгармачылык өнөрлөрүн арттырып, үйрөнүп кетишет.