Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталат
1 сентябрь

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталат

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы башталат.

Парламенттен кабарлашкандай, ага утурлай 31-августта төрага Нурланбек Тургунбек уулу даярдык иштери менен таанышты.

Анын ичинен жаңыланган жалпы жыйындар залын, ошондой эле мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүү жана чагылдыруу максатында орнотулган заманбап жабдууларды көрдү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат.