Эки министрге «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды
1 сентябрь

Эки министрге «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 31-августта эки министр «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Наамды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тапшырды.

Алар:

  • Медер Машиев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
  • Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри.

Облус жетекчиси сыйлык тапшыруу аземинде куттуктоо сөз сүйлөп, министрлердин эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.