Дамир Осмонов: кант диабетине жоопкерчиликсиз мамиле кылуу буттун ампутациясына алып келиши мүмкүн
5 июнь

Дамир Осмонов: кант диабетине жоопкерчиликсиз мамиле кылуу буттун ампутациясына алып келиши мүмкүн

Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз Республикасынын Диабеттик таман боюнча адистер ассоциациясынын биринчи жыйынына катышты. Иш-чара ар түрдүү адистиктеги дарыгерлерди, эксперттерди жана кесиптик медициналык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.

Өз сөзүндө министр кант диабети коомдук саламаттык сактоодогу эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканын белгиледи. Өзгөчө анын татаалдашуулары, анын ичинде диабеттик таман синдрому олуттуу кооптонууну жаратып, бейтаптардын жашоо сапатынын төмөндөшүнө, майыптыкка жана буттун ампутациясына алып келерин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө биздин негизги милдет – татаалдашууларды дарылоо гана эмес, эң оболу алардын алдын алуу. Профилактика, тобокелдик факторлорун эрте аныктоо, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө, бейтаптарды өз алдынча көзөмөл жүргүзүүгө жана бутка туура кам көрүүгө үйрөтүү оор татаалдашуулардын өнүгүшүн алдын алып, миңдеген жарандардын ден соолугун сактоого мүмкүндүк берет», – деп белгиледи министр.

Дамир Осмонов диабеттик тамандын алдын алууда, диагностикалоодо жана дарылоодо заманбап ыкмаларды өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана эндокринологдордун, хирургдардын, кан тамыр хирургдарынын, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистердин жана медайымдардын ортосундагы тармактар аралык кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөтө турган кесиптик аянтчанын түзүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрдин айтымында, бул багыттагы натыйжалуу иш саламаттык сактоо системасы үчүн гана эмес, жалпы коом үчүн дагы чоң мааниге ээ. Анткени ал кант диабетинин татаалдашууларынын санын азайтууга, калктын майып болушунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана жарандардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун катышуучулары диабеттик тамандын алдын алуу жана дарылоо боюнча актуалдуу маселелерди, кант диабети менен ооруган бейтаптарга адистештирилген жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү жолдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасында кесиптик коомчулукту өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана калктын ден соолугун сактоо үчүн заманбап клиникалык ыкмаларды киргизүүгө багытталган демилгелерди колдойт.