Бишкек ЖЭБнин директорунун орун басары кармалды. Окуянын чоо-жайы
5 июнь

Бишкек ЖЭБнин директорунун орун басары кармалды. Окуянын чоо-жайы

КР УКМК Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле «АГ» ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлеринин кызматабалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын январына чейинки мезгилде Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин жана көмүр жеткирүүчү «АГ» ЖЧКсынын ортосунда лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарын бурмалоого байланышкан коррупциялык схема уюштурулганы аныкталды. Булсхема жеткирилген көмүрдүн сапатын жасалма түрдө жогорулатуу катары көрсөтүлгөн.

Натыйжада кызыкдар тараптардын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен мамлекеттик бюджетке 20 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирилген, ошондой эле Бишкек шаарынын жылуулук сезонунтуруктуу өткөрүүгө жана энергетикалык системанын ишенимдүү иштешине реалдуу коркунуч түзүлгөн.

Топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнчаБишкек шаарындагы ЖЭБдин директорунун орун басары Т.Р.А кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.