Борбор калаада «Антикино» аттуу алдын алуу иш-чаралар улантылууда
9 ноябрь

Борбор калаада «Антикино» аттуу алдын алуу иш-чаралар улантылууда

Иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү мүнөзүндөгү кезектеги алдын алуу рейдди өткөрүштү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө «Антикино» форматына ылайык ижарага алынган жана жабдылган жайлар кызматтык иттердин жардамы менен баңгизаттардын жана психотроптук заттардын болушу ыктымалдыгы боюнча текшерилди. Ошондой эле бул жайлардын администрациясы менен мыйзам талаптарын сактоо жана коомдук тартипти бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: «Антикино» форматындагы жайлардын ишмердүүлүгү алардын түздөн-түз багытына – кинофильмдерди көрүү жана маданий эс алуу максатында гана жүргүзүлүшү керек. Бул учурда коомдук адеп-ахлак нормалары жана коомдук тартип бузулбашы зарыл.

Борбор калаанын милициясы мындай мекемелердин ээлерин жана конокторун мыйзам талаптарын сактоого, коомдук адеп-ахлакты урматтоого жана шаарда коопсуз жана дени сак чөйрөнү камсыздоого чакырат.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерди жана өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүн балдарынын эс алуусуна жана жүргөн жерине көңүл бурууга чакырат, айрыкча кечки жана түнкү убактарда. Эске салабыз: саат 22:00дөн кийин өспүрүмдөрдүн чоң кишинин коштоосуз көчөдө жүрүшү мыйзам бузуу болуп эсептелет жана бул үчүн ата-энелерге административдик жоопкерчилик каралган.

«Антикино» аттуу алдын алуу иш-чаралар жашы жете электердин адеп-ахлагын коргоо, укук бузуулардын алдын алуу жана борбор калаада коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында улантылат.