Айыл жергесиндеги китепканалардын 70% жабылат
Айыл жергесиндеги китепканалардын 70% жабылат. Бул тууралуу маданият, маалыма жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, айылдык китепканалардын 82%ында китеп фонду эскирип, жараксыз абалга келген. Бул болжол менен 1 млн 200 миң китепти түзөт.
Бюрократияны кыскартуу алкагында айылдык китепканалардын 70%ын жабуу, ал эми жарактуу китептерди мектептерге өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.
