ЖК Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотту
3 апрель

ЖК Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотту

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 3-апрелдеги жыйында Садовников Вадим Александровичти Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени карады. 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров белгилегендей, аталган маселеге Вадим Садовниковдун кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынып, эл өкүлдөрү Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотууну колдошту.