Нарында турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 17:55де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.
