МСК жеке жактардын банктык эсептери тууралуу маалымат берүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмөсү
8 август

МСК жеке жактардын банктык эсептери тууралуу маалымат берүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунан банктардын соттун чечимисиз жеке жактардын эсептери тууралуу маалыматтарды салык органдарына берүүгө мүмкүндүк берген ченем боюнча төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.

Мындай маалыматтарды камтыган мыйзам долбоорунун 146-беренесине коомдук талкуулоо өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, Салык кызматынын бул демилгеси өз ишинде башка жеке жактардын эсептерин же электрондук капчыктарын колдонгон ак ниетсиз ишкерлер менен күрөшүүгө багытталган.

Бул ченем жөнөкөй жарандарга тиешелүү эмес жана ишкердик менен алектенбеген жеке жактардын эсептерин текшерүүнү көздөгөн эмес.

Бирок, коомдук талкууда айтылган тынчсызданууларды жана сын-пикирлерди эске алуу менен бул ченемди мыйзам долбоорунан алып салуу чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралгандыгын эскертебиз:

1) Уюмдар менен жеке ишкерлердин эсептери жана ошол эсептер боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана жана Салык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте гана суралышы мүмкүн.
2) Жеке жактардын эсептери жана операциялары боюнча маалыматтар мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде гана алынышы мүмкүн.