Рейд уланууда: Бишкеке үч жүргүнчүгө айып салынды
Бишкекте бүгүн, 27-февралда муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол акысын төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, "Бишкек шаардык транспорт" МИнин кызматкерлери, Бишкек ШИИБнын жана "Тулпар" бирдиктүү картасынын адистери катышты.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 3 жүргүнчүгө 1000 сомдон (миң сом) айып салынды. Жалпы 3000 сомду түздү.
Айып салынган күндөн тартып бир айдын ичинде айып пул төлөнүшү керек.
Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.
