Бишкектеги айрым конуштарда 5-ноябрда суу убактылуу жок болот
4 ноябрь

Бишкектеги айрым конуштарда 5-ноябрда суу убактылуу жок болот

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00-17:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишанасынан билдиришти. 

Өчүрүү району: «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек»   турак жай конуштары.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Ак-Жар», «Ак-Бата»  суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал»ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырат.