Ош шаарындагы Жолон Мамытов атындагы аллеянын курулушу аяктап калды
19 май

Ош шаарындагы Жолон Мамытов атындагы аллеянын курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Жолон Мамытов атындагы аллеяда жүргүзүлүп жаткан куруу иштери акыркы баскычында.

Жумуштардын алкагында аллеянын эски тосмолору алынып, аймагында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларга заманбап таман таштар төшөлүп, веложолдор курулууда.  

Анын менен катар, түнкү жарыктандыруу системасы менен лотоктор орнотулууда. Мында жашылдандыруу иштери да жүрүп, береза жана павловния дарактарынын көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле, бак-дарактарды бирдей формага келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

 Мындан тышкары улуу акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата аллеянын аймагында анын айкели орнотулат.