Министр Жээнбек Кулубаев Гана Республикасынын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
16 март

Министр Жээнбек Кулубаев Гана Республикасынын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

2026-жылдын 15–17-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гана Республикасынын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын Кыргыз Республикасына расмий сапары өтүүдө.

Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат. Анткени бул Гананын тышкы саясат ведомствосунун башчысынын Кыргызстанга жасаган тарыхтагы алгачкы сапары.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ж. Кулубаев жана С. О. Аблаква кыргыз-гана кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Тараптар акыркы жылдары байланыштардын жанданып жатканын белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты. Эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана санариптик тармактарда, ошондой эле медициналык билим берүү тармагында өнөктөштүктүн келечеги белгиленди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров жана Гана Республикасынын Президенти Дж. Д. Махама тарабынан жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу реформалардын аркасында эки өлкө тең саясий туруктуулукка жана олуттуу экономикалык өсүшкө жетишкенин белгилешти.

Тараптар транзиттик-логистикалык потенциалга өзгөчө көңүл бурушту. Гана Кыргызстанды Борбордук Азия рыногуна стратегиялык чыгуу мүмкүнчүлүгү катары караса, Кыргыз Республикасы Гана аркылуу Батыш Африка рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
• саясий консультацияларды өткөрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
• дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө макулдашуу.

Жолугушуунун соңунда министрлер географиялык алыстык терең экономикалык жана саясий жакындашууга тоскоол болбой турганын белгилешти. Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн активдүү диалогду улантууга ниеттенишерин ырасташты.