Делегат: Кара-Балтадагы оорукананы министрлик бир жыл мурда курууга убада берген, бирок кыймылдаган жок
25 декабрь

Делегат: Кара-Балтадагы оорукананы министрлик бир жыл мурда курууга убада берген, бирок кыймылдаган жок

IV Элдик курултайда Кара-Балта шаарынан келген делегат Абдиев Дыйканбай өз аймагына тиешелүү эки маселени мамлекет башчыга жеткирди. 

Биринчиси, оорукана маселеси болсо, экинчиси, жол маселеси. 

“Кара-Балтада союз маалында эки оорукана бар эле, азыр бирөө гана калды. Ал дагы мурда жеке менчикке берилип кетип, акыркы жылдары мэрия аркылуу ажыратылып, муниципалитетке алынды. Ошондо 3 гектардан ашуун жер бар. Ал жерге былтыр жаңы оорукана куруп кетүү боюнча курултайда сурангам. Саламаттыкты сактоо министрлиги курулат деп кат жөнөткөн, бирок кыймылдаган жок. Бул ооруканага Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун эли келет, кезек көп, тейлөө жетишпейт, абдан кыйынчылык”, – деди делегат. 

Ошондой эле, ал Кара-Балта-Бишкек жолу оңдоодон өткөрүлгөнүн, бирок Сосновкага бурулган жерден Панфилов районуна чейинки чектеги 6 чакырым жер ошол бойдон калып кеткенин билдирди. 

“Бул жол аркылуу чет өлкөдөн, кошуна өлкөдөн келген туристтер катташат. 6 чакырым жерди оңдоп коюу оңой эле болсо керек”, – деди ал.