Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген жаранды кармашты
8 август

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген жаранды кармашты

Буга чейин Ленин райондук ИИБге Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Т.Б. тиешелүү арыз менен кайрылган. Арызында ал Н. жана А. аттуу жарандар тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалганын билдирген. Алар бир ай бою алдоо жана коркутуу менен 2009-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүмдү сойкулук кылууга түрткөн.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 7-августунда тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган М.Н. аттуу жаран милиция кызматкерине кылмыш ишин токтотуу үчүн пара сунуш кылган. Бул тууралуу дароо жетекчиликке маалымдалган.

Ошол эле күнү Ленин райондук ИИБдин кызматтык бөлмөлөрүнүн биринде акча каражатын берүү учурунда 2003-жылы туулган М.Н. жаран пара берип жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде жогоруда аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (Сойкулук менен алектенүүгө тартуу) боюнча да шектелүүдө. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.