Бишкекте балмуздак фестивалы өтөт
Бишкекте Технопаркта 27-майда балмуздак фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, быйыл фестиваль өзгөчө форматта өтөт, башкача айтканда, "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучулаы тарабынан даярдалган инклюзивдик театралдык оюн көрсөтүлөт.
Ошондой эле конокторду кызыктуу концерттик программа күтөт
Иш-чаранын алып баруучусу Эркин Рыскулбеков.
