Баткен районунда 75 орундуу заманбап оорукана курулууда
Баткен районунун Ак-Татыр айылында 75 орундуу заманбап оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, оорукана республикалык бюджеттен каржыланып, учурда курулуш иштери активдүү жүрүүдө.
Жаңы оорукананын имараты бардык шарттары менен заман талабына ылайык салынып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталууда. Анда бейтаптар үчүн ыңгайлуу палаталар, дарыгерлер үчүн керектүү бөлмөлөр жана заманбап шарттар каралууда.
Баткен районунун акими курулуш жүрүп жаткан объектке барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышты. Курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат алып, иштин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
