Кыргызстанда бир дагы гроссмейстер жок, - Дастан Бекешев шахматты өнүктүрүү зарылдыгын айтты
Кыргызстандын шахмат федерациясы Жогорку Кеңештин ар бир депутатына шахмат белек кылды. Бул тууралуу парламент жыйынында белгилүү болду.
Депутат Дастан Бекешев билдиргендей, бул Кыргызстандагы шахматка көңүл бурдуруу аракетинде жасалган.
Депутаттын айтымында, коңшу Казакстан, Өзбекстан интеллектуалдык спорт боюнча алдыга кетишти. Өзбекстан быйыл шахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышуу алдында турат.
Ал эми Кыргызстанда 2016-жылы шахматты өнүктүрүү боюнча токтом кабыл алынган. Бирок ал кандай аткарылып жатканы белгисиз.
“Бул токтом кандай аткарылып жатканын карап берсеңиздер. Кыргызстанда да гроссмейстерлер чыгышы керек. Интеллектуалдык спорт боюнча алдыга жылууга тийишпиз”, - деди Бекешев.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында жалгыз гроссмейстер Леонид Юртаев (1959-2011) болгон, ал – бул наамды 1996-жылы алган.
