Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды
23 январь

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 23-январда саат 18:00дөн тарта Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгондуктан, 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан 26-январга чейин убактылуу жабылды.

Каракол – Эңилчек каттамынын 38-112-чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жабылып, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.