Комитет Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Руслан Мукамбетовду Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.
Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн учурдагы абалы, тармакты реформалоо жана аскер бөлүктөрүндөгү үстөмдүктү жоюу маселелерине көңүл бурушту.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү колдоого алышты.
