Оштун мэри жаңы муниципалдык базарга барды
24 январь

Оштун мэри жаңы муниципалдык базарга барды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күн мурун, 23-январда шаардын инфраструктурасы менен таанышуу алкагында Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык базарды жеринен көрүп чыкты.

Шаар башчысы соодагерлер менен жолугушуп, унаалар үчүн токтоочу жайдын аянтын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, мэр курулуш материалдарынын сапатын текшерип, базардын айланасындагы инвесторлор тарабынан курулуучу жеке кичи базарлардын ордун көрдү.