Ош: А.Навои эс алуу багындагы мыйзамсыз 11 курулуш имараты бузулууда
Ош шаарынын мэриясы эс алуу багындагы 11 коммерциялык багыттагы курулуштардын жер аянттарын кайтарып алуу боюнча бардык соттук жараяндан утуп чыккан. Эскертүүлөргө карабастан курулуш ээлери имараттарды бузуп алуу иштерин жүргүзбөй келишкен. Алардын ичинен жетиси Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган.
Бүгүн муниципалдые менчик башкармалыгы аталган 11 имаратты бузуп алып салуу иштерин баштады. Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар.
Алсак арасында учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, бир канча жолку экс КР ЖК депутаты, экс КР ЖК төрагасы Ө.Текебаевдин бир тууганына, бир канча жолку экс КР ЖК депутаты, экс КР ЖК төрагасы орун басары, КР Вице-Премьер-министр болуп иштеген Чолпон Султанбековага тишелүү имараттар бар.
