Токтогул жана Кара-Кол райондорунда эки күн ичинде 10 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Токтогул, Кара-Кол райондорунда жана Таш-Көмүр шаарында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүп, эки күндүн ичинде 77 одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларды кармашты.
Алардын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 10 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 9 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок 9 айдоочу;
Ылдамдыкты ашырып айдаган 7 айдоочу аныкталып, эки күн ичинде 36 унаа айып короо жайына токтотулду.
