Чүй ОИИББде кылмыш иликтөө башкармалыгынын жаңы жетекчиси өздүк курамга тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 11-июнунда Чүй облусунун ИИББсинин жыйын залында Чүй ОИИББнин башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов кылмыш иликтөө башкармалыгынын жаңы башчысын - милициянын подполковнигин Борбашев Сейтек Тыныбековичти өздүк курамга тааныштырды.
Милициянын подполковниги Сейтек Борбашев буга чейин ушул эле башкармалыктын курамындагы оор жана өзгөчө оор кылмыш фактыларын ачуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Чүй ОИИББнин жетекчилиги жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, анын жооптуу кызмат ордуна дайындалышы аймактагы коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана укук тартибин чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
