Бишкек: 7 автобустук каттамдын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү
8 август

Бишкек: 7 автобустук каттамдын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 2025-жылдын 6-августунан тарта 7 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Ошентип, төмөнкү автобустардын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү: № 8Т, № 23, № 80, № 227, № 204, № 134 жана № 18.

Лев Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу кыймыл схемасы өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен кабыл алууну, тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.