УКМК: Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу фактысы боюнча
2025-жылдын 7-июнунда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө укук коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктап, бөгөт койду.
Тактап айтканда, Ленин райондук ИИБнин улук тергөөчүсү Г.Н.А., Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурорунун жардамчысы Т.Ч.И. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Фигуранттар акча каражаттарын өткөрүп берүү учурунда пара менен кармалган. Тактап айтканда, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берген, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалган.
