Кара-Кулжа районунда коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борбору курулууда
Кара-Кулжа районунда коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борбору курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундашгы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районуна жумушчу сапар менен барып, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен биргеликте бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.
Сапардын алкагында жетекчилер алгач район борборунда курулуп жаткан коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштерин көрүп чыгышты.
Облус башчысы курулуштун сапатына жана мөөнөтүндө аякташынын маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү жетекчилерге аны өз убагында жана талаптагыдай сапатта бүтүрүү боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары, райондук администрациянын алдындагы эс алуу багын оңдоп-түзөө долбоорунун баштапкы үлгүсү сунушталып, жетекчилер парк аймагын жеринен көрүп чыгып, кошумча сунуш-пикирлерин беришти.
