Адылбек Касымалиевдин менен Алексей Оверчук жолукту. Талкууланган маселелер
Министрлер кабинети
8 апрель

Адылбек Касымалиевдин менен Алексей Оверчук жолукту. Талкууланган маселелер

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, өлкөгө жумушчу сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.