Кош бойлуу кызматкерлерге төлөнүүчү жөлөкпул көбөйөбү? – эмгек инспекциясынын башчысы жооп берди
8 апрель

Кош бойлуу кызматкерлерге төлөнүүчү жөлөкпул көбөйөбү? – эмгек инспекциясынын башчысы жооп берди

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-апрелде “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. 

Мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мындан ары аталган мыйзамды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

Депутат Гүлай Машпарова өндүрүшкө майыптуулугу бар адамдар кабыл алынса болоорун, анткени, мисалы тигүү цехинде бутунан жабыркаган адам колу менен иштей алаарын айтты. 

Буга жооп иретинде эмгек министринин орун басары Камчыбек Досматов Эмгек кодексинин 154-155-беренесинде майыптуулугу бар жарандар үчүн 4 пайыздык квота көрсөтүлгөнүн эске салды. Айтымында, бул жалпы жумушчулардын 4 пайызын майыптуулугу бар адам түзүшү керек дегенди билдирет жана бул норма жеке жана мамлекеттик ишканаларга тиешелүү. 

Депутат кош бойлуу аялдардын эмгек укугу тууралуу маселе көтөрдү. Ал белгилегендей, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кош бойлуу аял төрөткө чейин 70 күн жана төрөттөн кийин 56 күн өргүү алат. Аларга 10 жумуштук күндүн акысын иш берүүчү төлөйт. Ал эми 11 күндөн тартып мамлекет 20 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 2 миң сом төлөп берет. 

“Мындай сумма базар экономикасына ылайык келбейт. Муктаждык бар болгондуктан айрым аялдар төрөр-төрөгүчө иштешет. Бул боюнча жөлөкпулду көбөйтүү каралабы?” – деди. 

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басарынын айтымында, мыйзам боюнча кош бойлуу аялдарга 10 күндүк эмгек акыны иш берүүчү, калганын Эмгек министрлигинин жер-жерлердеги башкармалыктары төлөйт. Бирок министрлик жобого өзгөртүү киргизүү менен акыны 100 пайыз иш берүүчүгө төлөттүрүүнү ойлонуштурууда. 

Ошондой эле ал жөлөкпулду көбөйтүү жаатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иштеше турганын кошумчалады.