«Манас» бажысы учакты убактылуу ташып келүү мөөнөтүн бузуу фактысын аныктады
23 январь

«Манас» бажысы учакты убактылуу ташып келүү мөөнөтүн бузуу фактысын аныктады

«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Ф.А.» ЖЧКсы 2023-жылдын 19-майында 1984-жылы чыгарылган «АН-26Б» учакты 2024-жылдын 31-октябрына чейин белгиленген мөөнөт менен «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосуна киргизген. Бирок, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу узартылган эмес жана башка бажы жол-жобосу тандалган эмес, бул ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу болуп саналат.                                                         

«Убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосун узартуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы бардык калган мезгил үчүн 978 463 сомду түздү. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар маңызы боюнча кароо үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.