Нарында мобилизациялык машыгуу жана курстар өткөрүлөт
Нарын шаарында 11-13-август күндөрү Кыргызстанлын райондук мамлекеттик администрация башчылары (акимдер) жана шаар мэрлери үчүн улуттук коопсуздукту камсыздоо жаатында квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо минстрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 60тан ашык райондук администрацияларынын жетекчилери жана шаар мэрлери катышып, аймактык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер боюнча теориялык жана практикалык сабактар уюштурулат.
Ошол эле күндөрү Нарын облусунун аймагында “Түндүк–2025” аталышындагы мобилизациялык машыгуу өтөт. Ага аскер комиссариаттары тарабынан чакырылган резервдеги аскер кызматчылары катышып, алар үчүн теориялык сабактар жана ок атуу менен коштолгон практикалык машыгуулар уюштурулат.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык планынын негизинде өткөрүлүп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган.
