Ноокатта Чечме-Сай каналы тазаланууда
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы узундугу 1500 метр болгон Чечме-Сай каналы тазаланууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Ишти аткарууга зарыл болгон күйүүчү май ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан бөлүнүп берилген.
Учурда каналдын 350 метри тазаланып, иштер уланууда.
7-августта облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жеринде болуп, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Ал каналдын айрым тилкелери энсиз экендигин белгилеп, суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында аны кеңейтүү боюнча тапшырма берди.
Чечме-Сай каналын тазалоо жана кеңейтүү иштери толук бүткөрүлгөндөн кийин аймактагы ирригациялык абал жакшыртылып, дыйкандар үчүн сугат суунун жеткиликтүүлүгү камсыз болот.
