Бишкектин айрым конуштарында 25-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт
22 март

Бишкектин айрым конуштарында 25-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым конуштарында 25-мартта саат 9:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү району:  

  • Күрөңкеев көчөсү,
  • Абдрахманов көчөсү,
  • Элебесов көчөсү,
  • Бельский көчөсү,
  • Ала-Арча суусу,
  • Жибек Жолу проспектиси,
  • Ж. Гвардия көчөсү,
  • ЧЧК, 
  • Саадаев көчөсү.

Ошондой эле төмөнкү конуштарды суу берүү убактылуу токтотулат:

  • «Красный Строитель» конушу,  
  • «Ак - Тилек» конушу,
  • «Көлмө»   конушу,
  • «Алтын Бешик» конушу,
  • «Салам Алик» конушу.

«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.