"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
23 январь

"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 18:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мындай чара Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.

Кошумча маалымат берилет.