МБК жарандарды бажы кампаларынан жабдууларды сатуу боюнча жалган маалымат тараткан алдамчылардан сак болууга чакырат
8 август

МБК жарандарды бажы кампаларынан жабдууларды сатуу боюнча жалган маалымат тараткан алдамчылардан сак болууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы акыркы мезгилде өзүн бажы кызматынын кызматкерлери катары көрсөтүп, мессенжерлерде жарандарды жаңылыштыкка түрткөн жана алдамчылык аракеттерин жасоо максатында таратылган билдирүүлөрдү жөнөтүү көбөйүп жатканын билдирет. Жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө жана ар дайым этият болууга чакырабыз.  

Мындан тышкары, "ГОСИМУЩЕСТВО КЫРГЫЗСТАН" деген Telegram каналда бажылык тариздөөдөн өтпөгөн жана бажы кампаларында жайгашкан турмуш-тиричилик жана электрондук жабдуулардын сатылышы жүрүп жатат деген жалган маалыматтар таратылууда. Бирок бул маалыматтар чындыкка туура келбейт, Мамлекеттик бажы кызматы бажы кампаларындагы эч кандай товарларды, анын ичинде тиричилик жана электрондук жабдууларды сатуу ишмердиги менен алектенбейт.

Жарандарды шектүү булактар аркылуу товар сатып алуудан карманууга, ошондой эле мессенджерлердеги  Мамлекеттик бажы кызматына эч кандай тиешеси жок каналдарга жана топторго ишенбөөгө чакырабыз. Бажы органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу бардык ишенимдүү маалыматтар Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында гана жарыяланат.

Эгер сизге ушундай шектүү билдирүүлөрдү алсаңыз же алдамчылык аракеттерге туш болсоңуз, дароо төмөнкү номер аркылуу кабарлап коюуңузду өтүнөбүз: +996 (312) 51 24 67