
Ереванда Кыргызстан жана Армениянын ТИМ башчылары жолугушту
Бүгүн, 23-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Арменияга иш сапарынын алкагында өлкөнүн тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүүнүн перспективаларын карап чыгышты.
Тышкы иштер ведомстволорунун башчылары бул багытта чоң потенциалды жана инструменттердин кеңири спектрин белгилеп, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын билдиришти.
Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду, анын кезектеги жыйынын ушул жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Армениянын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары интеграциялык бирикмелердин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантууга, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлигин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык мектебинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.