Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы иш-чаралар жүргүзүлдү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы Нарын шаардык мэриясы жана муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы менен биргеликте С.Орозбак көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыккан турак үйлөр жана мончолор боюнча текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган объектилердин ээлерине 10 күндүн ичинде бузуу жана жер аянттарын калыбына келтирүү тууралуу жазма буйруктар берилген. Буйрукту аткарбаган айрым жарандардын дубалдары тиешелүү техниканын жардамы менен бузулуп, мыйзам талап кылган абалга келтирилди.
Ошону менен катар, бир катар жашоочулар түшүндүрүү иштеринин негизинде дубалдарын өз ыктыяры менен бузуп, мыйзамдуулукту сакташты.
