Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо 1991-жылдагы документтин негизинде жүрдү
Жогорку Кеңештин 27-февралындагы биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар документтер каралып, жактырылды.
Бул маселелер боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери 1991-жылдагы документтин негизинде жүргөндүгүн баса белгиледи.
"Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерге карманып келген. Кыргыз тарап 1991-жылы кабыл алынган документтерди карманган. Мындан улам он жылдан ашык убакыттан бери тил табыша албадык", - деди ал.
