УКМК төрагасы: Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилди
27 февраль

УКМК төрагасы: Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилди

Баткен районундагы Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилди, анын ордуна 91 гектар жер менен компенсация алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-февралындагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек билдирди. 

УКМК төрагасынын маалыматына караганда, айылдагы жаңы курулган үйлөрдүн ордуна Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер Кыргызстанга өткөн.

“Достук айылын толугу менен тажик тарапка бердик, анткени ал айыл биздин башка айылдардан эң алыс жайгашкан. Анын экономикалык же стратегиялык пайдасы жок болчу. Биз 91 гектар жер алдык, аны менен бирге тажик тарапка жаңы үй курууну талап кылдык. Чек ара заставасын да кошуп бердик. Карабак айылынын жанында 30 гектар суулуу жерди компенсация катары алдык. Достук айылындагыларды ошол жерге көчүрүп, жаңы үйлөр менен камсыздайбыз”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар документтерди карашууда.