
Светлана Аширова Мамлекеттик цирктин директору кызматынан бошотулду
А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Светлана Ашырова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Маалыматта анын эмгек келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 23-январдан тартып кызматтан бошотулгандыгы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Маданият министрлиги А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери тарабынан учурдагы директор Светлана Ашировага байланыштуу айтылган дооматтарга байланыштуу атайын иликтей турган комиссия түзүлгөнүн билдирген.
"Комиссия келип түшкөн бардык арыздар менен сунуштарды калыс карап чыгып, учурдагы кырдаалды иликтөө үчүн териштирүү жүргүзүүдө. Министрлик кайрылууларды адилеттүү жана ачык кароого кепилдик берет. Мындан сырткары, иликтөөнүн жыйынтыгы менен цирктин ишин жакшыртууга, кызматкерлер менен артисттер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүүгө багытталган тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгилейт", - деп айтылган маалыматта.