Майлуу-Суудагы тазалык жана суу чарба ишканасынын короосундагы абал начар. Жетекчиси сынга алынды 
27 февраль

Майлуу-Суудагы тазалык жана суу чарба ишканасынын короосундагы абал начар. Жетекчиси сынга алынды 

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык “Тазалык” ишканасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мекеме жетекчилиги тарабынан шаар тазалыгын жеткиликтүү камсыздоо багытында атайын техникалардын эскилиги жетип, көйгөй жаратып жатканы белгиленди.

Абалды жеринен көргөн облус башчысы ишканага керектүү атайын техниканы сатып алууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Ага катар ишкананын короосундагы тазалыктын абалы начар экенин сынга алып, бир жуманын ичинде абалды жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев Майлуу-Суу шаарынын негизги суу бөлүштүрүү кампасына барып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн мекеменин иш ыргагын көрдү.