"Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы 30 даана жаңы атайын техника менен камсыз болду
25 декабрь

"Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы 30 даана жаңы атайын техника менен камсыз болду

2025-жылдын 24-декабрында "Кыргыз темир жолу"УК" МИнин башкы директору Азамат Сакиев ишкананын филиалдарына жаңы алынган атайын техникалардын жана кызматтык унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Бул жылы ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жалпы 30 даана заманбап атайын техникалар жана кызматтык унаалар сатып алынды. Анын ичинде 25 даана экскаватор, мини-экскаватор, автокран, оор жүк ташыган атайын техникалар жана 5 Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү кызматтык унаалар бар.

Алынган техникалардын 19 даанасы ата мекендик өндүрүштөн, ал эми 11 даанасы Кытай Эл Республикасынан сатып алынды. Бул кадам ишкананын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жаңы спецтехникалар темир жол инфраструктурасын тейлөөдө, чарбалык иштерде, оңдоо-түзөө жумуштарында жана күнүмдүк өндүрүштүк муктаждыктарды камсыздоодо пайдаланылат. Бул өз кезегинде иштин сапатын жогорулатууга, өндүрүштүк процесстерди ыкчам жүргүзүүгө жана коопсуздук деңгээлин күчөтүүгө шарт түзөт.

Компания мындан ары дагы материалдык-техникалык базасын жаңылоону улантып, темир жол тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган иштерди системалуу түрдө жүргүзүүнү улантат.