Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө дрондордун учууларына 15-сентябрга чейин чектөө киргизилди
Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө учкучсуз учуучу аппараттардын (БПЛА) жана жалпы багыттагы авиациянын аба кемелеринин учууларын аткарууга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Учуу коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана эл аралык иш-чараларды коопсуз өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында учкучсуз учуучу аппараттардын (БПЛА) жана жалпы багыттагы авиациянын аба кемелеринин учууларын аткарууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Убактылуу чектөөлөр төмөнкү мөөнөттөрдө колдонулат:
- 2026-жылдын 27-июлунан 3-августуна чейин — Ысык-Көл облусунун түндүк жээгинде;
- 2026-жылдын 27-августунан 10-сентябрына чейин — Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда;
- 2026-жылдын 10-сентябрынан 15-сентябрына чейин — Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында.
