Ош жана Бишкек шаарларына АСКУЭ жабдууларынын жаңы партиясы жеткирилди
Энергетика министрлиги
25 август

Ош жана Бишкек шаарларына АСКУЭ жабдууларынын жаңы партиясы жеткирилди

Ош шаарына электр энергиясын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы (АСКУЭ) үчүн жабдуулардын жаңы партиясы жеткирилди. Анын ичинде 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу АСКУЭ эсептегичтери, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк (УСПД) бар.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек шаарына болсо 77 924 даана бир фазалуу АСКУЭ эсептегичи жана 1 180 даана УСПД жеткирилди.

Буга чейин «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын кампасына 122 700 даана электр энергиясын эсепке алуу приборлорунун партиясы кабыл алынган. Ошондой эле системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл болгон сервердик жабдуулар жеткирилген.

АСКУЭни киргизүү долбоору Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Кыргызстанга жалпы 390 миң даана АСКУЭ эсептегичин жеткирүү пландалууда.

Келип түшкөн жабдуулар «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК аркылуу аймактык электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлүп, андан ары керектөөчүлөргө орнотулат.

АСКУЭни киргизүү электр энергиясын эсепке алууну автоматташтырууга, керектөө боюнча маалыматтарды алуунун тактыгын жана ыкчамдыгын жогорулатууга, ошондой эле эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоого мүмкүндүк берет.