Түп РЭТи Күрмөнтү айылына 350 темир-бетон мамыларын орнотот
Энергетика министрлигинин тармакты жанылоого багытталган реформанын алкагындагы аткарылган иштерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Энергетика объектилерин жаңыртуу программасынын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы Ысык-Көл элетр тармагы ишканасынын Түп РЭТи Күрмөнтү айылында эскирген жыгач мамыларды жаңы темир бетон мамыларга алмаштырып, эскирген алюминий зымдар ордуна заманбап өзүн-өзү көтөргөн изоляцияланган зымдарын (СИП) тартууда. Жалпы Күрмөнтү айылы боюнча 350 темир бетон мамы орнотулуп, 13 чакырым СИП зымдары тартылат.
Мындан тышкары, 2025-жылдын башынан бери Түп РЭТи төмөнкүдөй техникалык иштерди аткарды:
- 14 чакырым аба чубалгыларына капиталдык ремонт жүргүзүлдү;
- 14 даана көмөк чордонго капиталдык оңдоо жасалды;
- 119 чакырым ВЛ-10/0,4 кВ техникалык тейлөөдөн өттү;
- 198 көмөк чордон оңдолду;
- 5,7 чакырым СИП зымы тартылды.
Түп РЭТи электр менен камсыздоону жакшыртуу багытында пландуу иштерди улантып, ар бир тургунду туруктуу, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга умтулууда.
