Азамат Осмонов жумушчу сапарынын алкагында Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Чүй дарыясынын жээк тилкесинин абалы менен таанышты
25 декабрь

Азамат Осмонов жумушчу сапарынын алкагында Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Чүй дарыясынын жээк тилкесинин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов жумушчу сапарынын алкагында Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Чүй дарыясынын жээк тилкесинин абалы менен таанышты.

Айыл аймагы аркылуу өткөн Чүй дарыясынын жалпы узундугу 53 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин анын 8,708 чакырымында жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп, калган 44,292 чакырым тилке бекемдөөгө муктаж болуп турат.

Белгилеп кетсек, көп жылдан бери кыш мезгилинде Чүй дарыясындагы суунун деңгээли 50 куб метрге чейин көтөрүлүп, жай мезгилинде 10 куб метрге чейин төмөндөйт. Күчтүү агымдын натыйжасында жээктер 5 метрге чейин жуулуп, бул айдоо жерлерине олуттуу коркунуч жаратууда. Айрым учурларда суу айдоо талааларына чейин жетип калган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жыл сайын жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүп, анын алкагында дарыя жээгине тоо тектери ташылып келет. Орточо эсеп менен жылына 500 метрден 1,5 чакырымга чейинки жээк тилкеси бекемделет. Бирок көрүлүп жаткан чаралар жээктердин мындан ары жуулуп кетишин толук алдын алууга жетишсиз болууда.

Иш сапардын жыйынтыгында Азамат Осмонов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө Чүй дарыясы боюнча жээкти бекемдөө иштеринин деталдаштырылган план-картасын кыска мөөнөттө даярдоону тапшырды. Анда артыкчылыктуу жана эң кооптуу участоктор так көрсөтүлүшү зарыл. Ошондой эле иш-чараларды этап-этабы менен ишке ашыруу маселесин реалдуу муктаждыктарды жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу менен иштеп чыгуу тапшырылды.

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө биринчи кезектеги милдет катары каралышы керектиги белгиленип, мындан ары аракетсиздик улана турган болсо, айыл чарба жерлеринин жоголушуна жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына алып келиши мүмкүн экени баса белгиленди.