видеодон алынган кадр
28 август
Ошто аштандыны кайра иштетүүчү жаңы завод курулууда
Бүгүн, 29-августта Ош шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку жана шаардык Кеңештеринин бир катар депутаттарынын катышуусунда маанилүү иш-чаралар өттү.
Эл өкүлдөрү жаңыланган жолдордун салтанаттуу ачылышына катышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышышты.
Учурда негизги курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан объект 18 гектар аянтты ээлеп, имарат 27 миң чарчы метрди түзөт.
Ишкана ишке киргенден кийин калдыктарды сорттоп жана зыянсыздандыруудан сырткары, электр энергиясын өндүрүүгө жана жергиликтүү тургундарга жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.
